Панфилов районунда каза болгон бейтаптардын атына рецепт жазылып, дары-дармектер мыйзамсыз берилип кеткени аныкталды

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө 2022-жылдын 9 айында белгисиз адамдар электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, жалпы суммасы 3 миллион 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепттер, анын ичинде каза болгон 66 каза болгон адамдардын наамына жазылып калгандыгы аныкталган. Ошондой эле, калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары-дармектер мыйзамсыз берилип кеткен.

Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 миллион 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.