Пара алууга шектелип кармалган Октябрь райондук прокурордун орун басары камакта калтырылды

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен пара алууга шектелип кармалган Октябрь райондук прокурордун орун басары камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти.

«Соттун 19-ноябрдагы токтомуна ылайык, шектелүүчүгө карата (ред. Алтынбек Айдаровго карата) бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Башкача айтканда, ал 17-январга чейин камакта болот», — деп айтылат маалыматта.

Прокурордун орун басары 17-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Ал кылмыш жоопкерчилигине тартам деген коркутуу жолу менен укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң доллар акча каражатын талап кылган. Кармоодо жүргүзүлгөн тинтүү иштеринде прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу далилдер табылып, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.