Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин арыздануучу А.К. тергөөчү андан акча талап кылып жатканын билдирген. Бишкек ШИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында шектүү К.Н. РИИБдин имаратынын ичинде акча алып жатканда кармалды.
Тергөөчү Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.