Пара алууга шектелип Эсептөө палатасынын инспектору кармалды

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору кармалган.

“Эсептөө палатасынын инспектору Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган”, — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.