Бишкекте судья 2 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана оперативдүү-техникалык иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталган.

«Бул жагдайда соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы жашыруундуулуктун зарыл чараларын сактоо менен алышып, андан кийин алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен, андан кийин гана судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган. Бул кылмышка тиешеси бар ар бир адам үчүн анын катышуусунун негизинде, опузалап алынган каражаттардын жалпы суммасынан белгилүү бир үлүшү берилип турган. 20-апрелде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилген. 21-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси жана ортомчу, судьянын досу кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ошону менен бирге, “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык судьяны жаза жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат», — дешти.