«Пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу…» Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев кармалды

Прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдалануу менен сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

21-октябрда Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевди, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.