Пара талап кылууга шектелип кармалган Азамат Дыйканбаев 2 айга камакка алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Дыйканбаев 20-июлга чейин УКМКнын абагында камакта болот. Ал ири суммада пара талап кылууга айыпталууда.

Дыйканбаевдин үстүнөн «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлү арыз жазган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Дыйканбаев келишимди аткаруу мөөнөтүн жылдыруу маселесин чечип берүү үчүн акча талап кылган.

Андан тышкары ал кечээ, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. 35 жаштагы Дыйканбаев бул кызматка эки жума мурун — 2021-жылы 5-майда дайындалган эле.