Парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу боюнча 200дөй факты катталып, анын ичинен 8и гана сотто каралууда

Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурунда добуш сатып алуу фактысы боюнча 8 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Баары 175 кылмыш иши каттого алынганын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

“Азыр бул иштер Ош шаары, Ош облусу жана Баткен облусунун сотунда каралып жатат. Анда 7 фигурант бар. Сотко жөнөтүлгөндөн тышкары 13 добуш сатып алуу боюнча факты иликтенип жатат. Калган иштер боюнча кылмыш курамы жок болгону үчүн кыскартылды”, — деди Сыргак Айткурманов.