«Паролун сыртына жазып койгон». Жети-Өгүздө карыя банк карточкасынан 27 миң сомун уурдатты

Ысык-Көлдө жаран банктык карточкасын жоготуп алган, бир нече күндөн кийин анын эсебиндеги акчасын бирөө чыгарып алган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

20-сентябрь күнү Жети-Өгүз РИИБге Кызыл-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну кайрылып, 15-августтан 20-августка чейинки аралыкта белгисиз себептер менен эсебинде 27 миң сому бар банктык карточкасын жоготуп алгандыгын билдирген. Ошондой эле, 5-сентябрда белгисиз адамдар эсебиндеги акча каражатын толугу менен чыгарып кеткендигин кошумчалаган.

Жабырлануучунун арызы катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, Кызыл-Суу айылында жашаган 40 жаштагы аял аныкталган. Алгачкы сурактын жүрүшүндө, банк карточкасын көчөдөн табып алганын, андан кийин 27 миң сом акча каражатты ошол эсептен алгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги милицияга кайрылып, аялдын кантип жашыруун сандарын (пароль) таап алгандыгын сураганыбызда «улгайып калган кишилер сыр сөзүн карточканын сыртына жазып алышат да» деп жооп беришти. Ошондой эле шектүү акчанын ордун толтуруп берет.