Камчы Көлбаевге байланышы бар… Орусиялык жеке ишкер Павел Тё издөөгө алынды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, «Капитал Групп» компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Орусиянын ири ишкерлеринин бири — Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө «Паша Кореец» катары белгилүү) тарабынан «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, «мыйзамдагы ууру» Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле Кыргызстандын аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө Көлбаевдин өкүл атасы катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн. Ошол эле учурда Тё Көлбаевдин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага Кыргызстандын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.

Мындан тышкары, Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган. Азыркы учурда ага карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.