Патрулдук милиция кызматкерине баш ийбей койгон автобустун айдоочусу 20 миң 500 сомдук айыпка жыгылды

Патрулдук милиция кызматкерине баш ийбей койгон автобустун айдоочусу 20 миң 500 сомдук айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек патрулдук милициясынан маалымдашты.

Кечээ, 20-июнда Бишкектин «Ош базарынын» жанында патрулдук милиция кызматкери автобустун айдоочусун токтотууга аракет кылган. Айдоочу оңдоочу иштер жүрүп жатканы тууралуу жол белгилерине көңүл бурбай, коюп кеткен. Ал патрулдук милиция кызматкеринин токтоо талабын четке каккан. Жыйынтыгында Чүй/Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде кууп жетишип, айдоочу талаптарга баш ийбегендиги үчүн 20 миң 500 сомдук айыпка жыгылган.