ПЦР-тесттерди жасап саткан кылмыштуу топ кармалды

Финпол Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда ПЦР-тесттердин лабораториялык изилдөө бланктарын жасалма жол менен жасап, сатып жүргөн топту кармашты. Бул боюнча Финансылык полициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кылмыштуу топ жарандарга коронавируска болгон ПЦР-тестти терс көрсөткүч менен эч кандай анализдерсиз жасап берип жүргөн. Документти бир же эки саатта даярдап, 3 миң сомдон сатышкан. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүүдө.

14-январда шектүү катары эки адам кармалды. Тинтүү учурунда алардын үйүнөн Кыргыз өлкөсүнүн жана чет элдик жарандардын ысымына жазылган медициналык бланктар табылган. Азыркы учурда бул кылмышка катышы бар башка адамдардын ысымдары такталууда. Жасалма сертификаттарды даярдоого катышкан медициналык мекеменин кайсы экендиги териштирилүүдө.