Пенсионерди алдаган делип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Пенсионердин арызынан кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«78 жаштагы жабырлануучунун айтымында, 2019-жылдын күзүндө андан акча алган адам кийинчерээк качып кеткен. Уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү боюнча 3-башкармалыктын кызматкерлери шектүүнү кармашты. Шектүү — 1984-жылы туулган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү тергөөчүлөргө берилип, иликтөө уланып жатат.