«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женго» каймана аттуу кримтөбөл үй камагына чыкты

«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы тастыктады.

Соттук териштирүү аягына чыга электигин соттон баса белгилешти. «Жазык кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү, 215-беренесинин 3-бөлүгү (эски редакция) менен айыпталуучу Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктап, 15-декабрда Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу соттук териштирүү башталганга чейин алдын-ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылып, өтүнүч кечээ, 23-декабрда каралып, канааттандырылды», — деп айтылат маалыматта. Ал 15-февралга чейин үй камагында болот. «Соттук териштирүү бүтө элек, 5-январга дайындалды», — дешти соттон.

11-февралда УКМК тарабынан Кадыр Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар делип кармалган. Буга чейин ага 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, издөө жарыяланган болчу.