«Пирстен секиришкен». Чолпон-Атада каза болгон Индиянын 2 жараны тууралуу маалымат

21-апрелде Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде 2 эркек киши (болжолдуу Индиянын жарандары) көлгө чөгүп кеткенин ӨКМден  билдирген. Ысык-Көл ОИИБден кырсыктын чоо-жайын айтышты.

«21-апрель күнү милицияга билдирүү түшүп, анда «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу борборунун көл жээгинен 13:00 чамасында Индиянын 2 жараны көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымдалган. Түшкөн маалымат боюнча, райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү иштерин жүргүзө баштаган. Териштүүрүдө Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индиянын жарандары 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. көлдүн жээгине эс алууга барышып, пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкени аныкталган.

Каза болгон жарандар менен бирге көлгө эс алууга келген чогуу окушкан Индиянын жарандары күбө катары суралган учурда, алар да жердештери көлгө пирстен секирип, чөгүп кетишкенин маалымдашкан. Аталган окуя катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Териштирүү иштери уланууда», — дешти.