Питерде 27 жаштагы кыз өлтүрүлгөн деп шектелип жаткан кыргызстандык кармалды

Санкт-Петербургда адам өлтүрүүгө шектелген Кыргызстандын 41 жаштагы жараны кармалганын РИА Новости Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазды. 

27 жаштагы кыз батирдеги оңдоо иштери кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн кеткен. Ошондон кийин байланышка чыкпай калган. 

«Аны тааныштары издеп башташкан. Батирге барган полиция анын денесин полиэтилен пакетине оролгон, курулуш таштандыларынын баштыктарынын арасынан муунтуунун белгилери менен табышкан», — деп жазат ЖМКлар. Оңдоо иштерин кыргызстандыктар жүргүзгөн. Полиция Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыяланган.