Питерде 27 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Полиция 41 жаштагы кыргызстандыкты издеп жатат

Орусияда 41 жаштагы кыргызстандык 27 жаштагы Санкт-Петербург шаарынын тургунун өлтүргөн деген шек менен изделип жатат. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, 27 жаштагы кыз батирдеги оңдоо иштери кандай жүрүп жатканын текшерүү үчүн кеткен. Ошондон кийин байланышка чыкпай калган. 

«Аны тааныштары издеп башташкан. Батирге барган полиция анын денесин полиэтилен пакетине оролгон, курулуш таштандыларынын баштыктарынын арасынан муунтуунун белгилери менен табышкан», — деп жазат ЖМКлар. Оңдоо иштерин кыргызстандыктар жүргүзгөн. Полиция Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.