«Поезд катуу ылдамдыкта келаткан». Темир жолдо уктап калган жаран куткарылды (видео)

Бишкекте темир жолдо уктап калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

— Милициянын кайгуул кызматкерлери кайгуул кылып жаткан учурда темир жол тосулуп, автоунаалар поезддин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп калган. Кызматкерлер башкалардай болуп унаасын токтотуп күтүп турган учурда, алыстан темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкашат. Аңгыча катуу ылдамдык менен келе жаткан поезддин үнү угулуп, кайгуулчулар өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышат.

Кийин тактоо учурунда темир жолдо жаткан жаран мас абалында уктап калгандыгын айткан.