Полиция Кыргызстан менен Өзбекстандан барган трансвеститтерге сойкукана ачкандарды аныктап жатат

Москвада полиция Кыргызстан менен Өзбекстандан барган трансгендер-аялдар интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана кимге таандык экенин аныктап жатканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Укук коргоо кызматкерлери да бул сойкукананы иштетүүгө тиешеси барларды аныктоодо. Аныкталган жарандардын Орусияда жүрүүсү мыйзамдуулугу да такталып жатат.

Буга чейин Москвада Борбор Азиядан барган трансвестит-сойкулар жайгашкан сойкукана аныкталган. Ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандан барган трансвестит мигранттар сойку болуп иштешкен.