Орусияда полиция тарабынан Кыргыз жаранынын сабалышы. Элчилик министрликке нота жөнөттү

Кечээ, 2-ноябрда социалдык түйүндөрдө видео тараган. Видеодо Орусиянын полиция кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонуп жаткандыгы тартылган. Бул боюнча элчилик үн катып, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Москвада 2-ноябрында болгон. Шаардын Хорошевский районунун полиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган 21 жаштагы Кыргыз жараны экени такталды.

«Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота, Москва шаары боюнча Орусиянын ИИМинин Башкы башкармалыгынын Ички коопсуздук башкармалыгына, ошондой эле Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына кайрылуу жолдоду. Окуяны ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында Хорошевский районундагы полиция кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү айтылды. Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.