Президент Садыр Жапаровдун кортежи аварияга кабылды

Ысык-Көл облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежи жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Kaktus.media маалымат агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаровдун кортежинин унааларынын бири Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жерде жол кырсыгына кабылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекет башчысы жана ал отурган унаа жабыркаган эмес. Кортеж унааларынын бири жеңил унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унаада жабыркагандар бар экендиги айтылууда. 

«Президент жабыркаган унааны таштап, жолун улаган. Учурда унаа жолу толугу менен милиция кызматкерлери тарабынан тосулуп турат. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат», — деп жазды редакция.