Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган кырсык боюнча шектүү эки айга камакка алынды

Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган кырсык боюнча шектүү эки айга камакка алынды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 8-сентябрда каралган.

«Биринчи Май райондук сотунун 8-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчүгө карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалды. Ал 6-ноябрга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө изоляторунда болот», — деп айтылат маалыматта.

4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен президенттин дарыгери каза болгон.