Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган кырсык боюнча шектүү үй камагына чыкты

Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган кырсык боюнча шектүүнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу анын жактоочусу Майрамбек Жумабеков билдирди.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасын Ысык-Көл райондук соту өзгөрткөн. «Сот шектүүнү СИЗОдон мыйзамдуу түрдө бошотту, анткени ал анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталган. Сот Конокбай Чынжырбаев 68 жашта экенин, анын өнөкөт оорулары боюнча аныктамалары бар экенин эске алды. Жол кырсыгынын негизги күбөлөрү Бишкекте жашап, иштеп жаткандыктан, кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт», — деди Майрамбек Жумабеков.

4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен президенттин дарыгери каза болгон.