Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов кармалды

Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип, Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы  Нургазы Анаркулов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирүү таратты.

«Ал мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган. Шектүү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик жетекчи кызматтардын бирине талапкерден ири өлчөмдө акча талап кылган» деп айтылат билдирүүдө.  Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) негизинде  сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Анаркулов УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.