Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев соттун чечими менен абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 16-августка чейин камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

УКМК Салиевди 16-июнда камаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен иш козгогон.

УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине «бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген сын-доомат айтылган.