Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал УКМКнын СИЗОсунда болот.

Бүгүн, 9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.