Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту адвокаттын доо арызынын негизинде президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын карады. Сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ал 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган. Ошол күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.