Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев кармалды

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.

Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, Нарымбаевдин баш коргоо чарасын кароо үчүн материал сотко түшө элек.