Президенттик кортеждин унаасын сүзгөн унаадагы жарандар Чолпон-Атадагы тойдон бара жатышканбы? (видео)

«Кактус» сайты президент Садыр Жапаровдун унаасын коштоп жүргөн унааны сүзгөн тараптын ооруканага жеткирилген учурдагы видеосун таратты. Видеодон такси кызматы менен ооруканага келген эркек киши менен аял кишини көрүүгө болот. Жол кырсыктын кесепетинен жабыркаган эркек кишини дарыгерлер замбилге жаткырып көтөрүп кетишет. Ал эми унаанын ичиндеги аял киши Чолпон-Атадан тойдон келе жатышканын айтат.

Бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна барган сапарында аны коштоп жүргөн унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери каза болду.