Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси камакта калтырылды

200 миң доллар опузалап алуу фактысы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалган.

Ал соттун чечими менен камакта калтырылды. Шектүү 2 ай камакта болот.

23-ноябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалган.