Президенттин карындашынын колун сураган Автандил Сабырбеков жана анын бир тууганынын иши боюнча сот өкүмү чыкты.
Маалыматка караганда, ал «Курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бир тууганы Тариэл Сабырбеков «Прокурордун, тергөөчүнүн же тергөө органынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга кесилген. Экөө тең 2024-жылдын июлунан тартып соттун өкүмү чыкканга чейин тергөө абагында болуп, камактагы бир күнү эки күнгө эсептелген. Камактагы убактысы эсепке алынгандыктан жазасы өтөлдү деп чечим чыкты.
Сот эки бир тууганды тең «Баңгизатты, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу үчүн мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча актады.