Кечээ, 9-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун сураган Автандил Сабырбеков жана анын бир тууганынын иши сотто каралды.
Соттук отурум жабык эшик артында өттү.
Буга чейин Лазат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов комментарий берип, «Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар» деген эле.