«Президенттин тууганы болом» деген дагы бир шылуун кармалды

Өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин коррупциянын негиздерин жоюу аракеттерин дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында ири көлөмдөгү алдамчылыктын бети ачылды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандардын бири президенттин туугандарынын атын жамынып алып, Каракол шаарындагы мамлекеттик кызматтагы адамдан акча алганга аракет жасаган. Кызмат ордун сактап калуу үчүн 5 миң доллар жана 45 миң сом берүүгө аргасыз болгон. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин «ири көлөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 4-июнда аталган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кечээ, 4-июнда президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун атын жамынып, 1 миллион 250 миң доллар ээлеп алууга аракет кылган эки шылуун кармалган.