УКМК билдиргендей, Профсоюздар федерациясынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мурдагы төрагасы кармалды.
Аны менен бирге Аламүдүн районундагы “Гвоздика” лагеринин мурдагы директору да шектелүүдө. Алар Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы «Красная гвоздика» балдар лагерин жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан «Ак-Суу» эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.