Профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы Мирбек Асанакунов үй камагына чыкты

Профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы Мирбек Асанакунов үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 6-июндагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Мирбек Асанакуновго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМКдан профсоюздардын мурдагы жетекчилери 5 миллион 756 миң 700 сомду кымырып алган деп шектелип жатканын билдиришкен. Алар кармалган болчу.