Прокуратура 5 миң сом алып жаткан жеринен милиция кызматкерлерин кармады

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан ИИМдин ички иликтөө кызматы жана УКМК менен биргеликте, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү; милициянын ага лейтенанты, милициянын лейтенанты 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды. Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.