Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды автоунаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

26-январда Балыкчы шаарында өспүрүм кызды автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден автоунаанын айдоочусу качып кеткендиги боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырды. Учурда иш боюнча ыкчам түрдө тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жүрүшү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун контролунда турат.