Прокуратура: «ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык акчаны сиңирип алышкан»

Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн кызмат адамдары кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен мамлекетке 3 миллион 191 миң 947  сом зыян келтиришкен. Алар бухгалтердик отчеттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшүп, мыйзамсыз ашыкча эмгек акыны алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө синирип алышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.