«Аудиттик текшерүүдө, 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган. Мындан тышкары, тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө “Манас Ордо” комплексинин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан. Натыйжада, «Манас Ордо» комплексинин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 миллион 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Прокуратура: «Манас Ордо» комплексинин кызмат адамдары 20 миллиондон ашык сомду максатсыз пайдаланышкан»
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен “Манас Ордо” улуттук комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Автор
Эдита Ильясова
00:48 24.12.2025
Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды
Автор
Эдита Ильясова
11:05 23.12.2025
Токтогулда кыштоодо мал караган балдар калып калганы айтылды (видео)
Автор
Эдита Ильясова
12:35 22.12.2025
Чүй районунун акими кармалды
Автор
Эдита Ильясова
11:10 22.12.2025
Чүйдө бала бакча өрттөндү (видео)
Автор
Эдита Ильясова
10:57 22.12.2025