Прокуратура: «Ошто бейтаптардын өмүрүнө коркунуч келтирген гемодиализ аппараттары колдонулуп келген»

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте гемодиализ борборлорунда текшерүү жүргүзүлүп, бейтаптардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган «жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз пайдаланып келишкен фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Менчик гемодиализ борбору 28 аппарат менен оорулууларды дарылап келишкен. Бирок бир дагы аппараты Саламаттыкты сактоо министрилигинин тийиштүү департаментинен каттоодон өткөн эмес. 5 миң саат иштегенден кийин сөзсүз техникалык кароодон өткөрүү керек болгонуна карабай, аталган гемодиализ аппараттары 35-45 миң саат колдонулуп келген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы жана Түштүк аймагы боюнча дары дармектерди көзөмөлдөө департаментинин башчысы Ош шаардык прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулушту. Менчик гемодализ борборлорунун жетекчилерине карата укуктук баа берүү үчүн материалдар Ош шаардык прокуратурасынын маалымат электрондук журналына катталып, караштуулугу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) жана 146-беренеси (медициналык кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.