Прокуратура Викрам Рузахуновду кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкектин Ленин районунун прокуратурасы музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандагы кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, азыр баары Кишинев кызматташуу келишимдеринин алкагында казак-кыргыз укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнөн көз каранды. «Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын пункту иштей баштаганын, мамлекет өлкөдөн тышкары жерде өз жарандарын коргоп жатканын билдирет. Казак бийлиги Викрам Рузахуновду кыйнагандарды жазалабаса, анда биздин бийлик аларды таап жазалашы керек. Бирок калыстык үчүн айта кетели, Казакстандын Коррупцияга каршы агенттиги да бул мыкаачылыкты иликтей баштады», — деп жазган Нурбек Токтакунов.