Прокурор Next TV каналынын директорун 7 жылга эркинен ажыратууну суранууда

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Мамлекеттик айыптоочу Дүйшөнбиевдин күнөөсү козголгон кылмыш ишинин материалдары, экспертизалардын корутундусу жана эксперттердин көрсөтмөлөрү менен толук далилденгенин билдирди. Ал айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратуу менен түзөтүү колониясында өтөөнү суранды. 

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.