Психиатриялык мекемеде жаткан адам үй, жер тилке жана 100дөн ашык бодо малдуу болгон

Бишкектеги психиатриялык медициналык мекемеде жазасын өтөп жаткан 40 жаштагы жаран криминалдык идеологияны тутунган адамдардын тобун, анын ичинде спортчуларды бириктиргени аныкталган.

Физикалык артыкчылыкты жана өзүнүн таасирин колдонуп, ал өзүн “положенец” деп жарыялап, соттолгондордон “общак” үчүн  акча чогултууну уюштурган. Ал 2018-жылы мурдагы укук коргоо органынын кызматкерине бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, жеке байланыштарды жана коррупциялык схемаларды колдонуу менен психиатриялык экспертизанын жалган корутундулары алынган, андан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп таап, мажбурлап дарылоого жиберген.

Адистештирилген психиатриялык мекемеде жүргөндө “смотрящий” катары адамдарды дайындап, бейтаптарды жана соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлдөп, мекеменин ичинде жана сыртында анын статусун бекемдөө үчүн колдонулган “общак” үчүн акча чогултууну уланткан. Мыйзамсыз жол менен алынган каражатка ал үйлөрдү, жер тилкелерин жана 100дөн ашык ири мүйүздүү бодо малды сатып алган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (уюшкан топ түзүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, камакка алынган. Ошондой эле анын 1980-жылы туулган шериги да кармалган. Тергөө уланууда.