Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум 18-февралга калды

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишине байланышкан соттук отурум 18-февралга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 9-февралда Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун ишин караган сот отуруму өтүп, ага журналисттер киргизилген жок. Соттолуучунун адвокаты Мадина Ниязова сот процесси журналисттердин тоскоолдук кылганынан улам токтотулду деп билдирди.

Райондук соттун басма сөз кызматынын өкүлү соттук отурум ачык каралышы керек экенин, бирок катышуучулар бата турган чоң залдын жоктугу жана жумуш убактысы аяктагандыктан улам соттук отурум кийинкиге калтырылганын айтты.

УКМК 2020-жылдын 17-октябрында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупциялык иштер боюнча иш козгогон. Матраимов 20-октябрда кармалып, мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүнү убадалап, ошол күнү эле бошотулган болчу.