Райондук сот: «Курманбек Дыйканбаев УКМКнын эсебине 7 миллион сом которду»

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын эсебине 7 миллион сом которду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мурунку чиновник тергөө менен келишим түзүп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга макул болгону такталды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Дыйканбаевдин 1-апрелде үй камагына чыгарганы маалым болгон. Анын 24-майга чейин үй камагында болору айтылган.

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал парламенттик шайлоо учурунда бир партиянын кызыкчылыгында иш алып барып, мамлекеттик ишкана жетекчилеринин бирин ага 7 миллион сомдон ашуун акча берүүгө мажбурлаган. Бербей койсо, кызматынан бошотуп коерун айтып коркуткан. Бул акча УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев шайлоо алдындагы үгүт иштерине жумшаган.