Сот мурдагы Жаратылыш министри Динара Кутманованы жана анын уулун сегиз жылдан кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен 8 жылга абакка кести. Ал 3 жыл мамлекеттик кызматка иштей албайт. Өкүм кечээ, 5-февралда чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Кутмановага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Кызмат абалын кыянаттык менене пайдалануу” менен күнөөлүү тагылса, анын уулу Кемелбек Кутманов “алдамчылык” беренеси менен айып тагылып, ал да 8 жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды.

УКМК 2023-жылдын 25-июлунда Динара Кутманованы министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларга шектелип кармалганын кабарлаган. Ал эми анын уулу Кемелбек Кутманов аталган министрлик менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген.