Райондук сот Самарбек Болотбековдун камакка алынбаганынын себебин айтты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 20-сентябрындагы чечими менен Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Ал убактылуу жашаган жеринен тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз кетпөөгө, сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылбоого, белгиленген мөөнөтүндө чакыруу боюнча келүүгө милдеттендирилгени маалым болду.

Самарбек Болотбеков Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү менен, башкача айтканда, алдамчылык беренеси менен шектелип жатат. Иштин материалдарына ылайык, анын аты-жөнү аныкталган, Бишкекте туруктуу жашаган жери бар, мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналат, багуусунда жашы жете элек төрт баласы бар. Ошол себептен, сот тарабынан прокурордун өтүнүчү канааттандырылды жана ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.