Райымбек Матраимов №47 түзөтүү абагына которулду

Райымбек Матраимов №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан билдиришти.

«Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Бикард» менчик клиникасына жаткырылгандан кийин №47 түзөтүү абагына которулду», — деп айтылат маалыматта.

Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, ал кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган. Кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу менчик ооруканага жаткырылганы айтылган.

Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.