Райымбек Матраимов дагы 2 айга камакта калтырылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Мурдагы бажычынын бөгөт чарасы 23-августта каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен сот аны 26-октябрга чейин камакта калтырган.

25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган. Учурда Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.