Райымбек Матраимовдун 34,8 миллион долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өттү (видео)

Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларлык кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Садыр Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Тактап айтканда, Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларды түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди.

— Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 миллион 297 миң долларды түзөт;

— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 миллион 627 миң долларын түзөт;

— Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 гектар жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 миллион долларын түзөт;

— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 миллон доллар;

— Бишкек шаарынын Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 500 миң долларды түзөт;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 миллион 286 миң доллар;

— ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 100 миң долларын түзөт.